Бизнес авиация на Корсике

Белгилүү болгондой, Корсика  Франциянын бир бөлүгү  болуп саналып, өзүнүн өзгөчө “аймактык жалпылык” статусу бар. Арал Жер ортолук деңизде жайгашкан, ал авиациянын кызмат көрсөтүүлөрүн өзгөчө актуалдуу кылат.

Бул жерде камдуу адамдар, ири ишкерлер, саясатчылар жана олуттуу коомдук ишкерлер жасаган жеке учуулар белгилүүлүккө ээ. Корсикада төрт аба булуңу: Аяччо аэропорту,  Бастия – Поретта аэропорту, Фигари Сад Корс аэропорту жана Кальви Сент-Катрин аэропорту, алардын ар бири жеке каттамдарды кабыл алат.

 

Буйрутманы биздин сайтта тариздеңиз

Бизнес авиация на Корсике и СардинииКорсикада джетке буйрутма берүү өтө оңой. Ал үчүн эч жакка баруунун жана керек болсо орундан туруунун да кереги жок. Алдыңкы европалык AVIAV TM (Cofrance SARL) авиадалдалчысынын  кызмат көрсөтүүлөрүнүн жардамы менен аны түз эле сайттан жасоого, ошондой эле алыстан келишим түзүүгө жана төлөмүн төлөөгө  болот.

Каттамды тариздөө үчүн, бир нече жөнөкөй аракеттерди жасоо керек.

1-кадам. Сиз табыштаманы сайтта өзүңүз тариздейсиз же менеджер менен байланышасыз, ага сиздин каттамды, жүргүнчүлөрдүн санын, керектүү даталарды, багаждын болжолдуу салмагын жана сиздин саякатка тиешелүү башка маанилүү бөлүктөрүн билдиресиз. Кааласаңыз сиз дароо учууга  келишимдин формасы менен менен тааныша аласыз.

2-кадам.  Менеджер сиз берген каттамдар боюнча жөнөөгө даяр учактардын тизмеси менен сунушту  жөнөтөт. Каттан сиз эки тарапка учуунун баасын, аба унаасынын моделин, батырымдуулугун жана жашын, каттамдын узактыгын жана башка маанилүү маалыматты көрөсүз.

3-кадам.  Сиз оптималдуу административдик учакты тандайсыз, кааласаңыз кошумча кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма бересиз, мисалы, учуп кеткен жана келип конгон пункттарга трансфер, визаларды жана медициналык камсыздандырууну тариздөө, отелден номер брондоо, бортто ресторандан келген тамак, учуудагы көңүл ачуулар ж.б. Андан кийин  акыры сиз менеджер менен саякаттын бардык нюанстарын жана акыркы баасын макулдашасыз.

4-кадам. Сиз келишимди интернет аркылуу электрондук кол тамганын жардамы менен түзөсүз. Кааласаңыз биз сизге документти, сиз өзүңүз кол коюуш үчүн,  кадимки тездетилген почта аркылуу жөнөтө алабыз.

Бардык жүргүнчүлөрдүн паспорттук берилмелерин жөнөтүү зарыл болот.

5-кадам. Сиз төлөмдү банкка которуу менен жүргүзөсүз жана тынч саякатка жыйналасыз. Учууну уюштурууну биз толук өзүбүзгө алабыз.

 

Коопсуздуктун эң жогорку деңгээли

Бизнес авиация на Корсике и СардинииАйрым кардарларды биринчи иретте учуунун коопсуздук маселеси тынчсыздандырат. Бирок бардык кооптонуулар негизсиз: иштик авиация жана AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы сизге Bombardier, Embraer, Sukhoi Superjet, Pilatus, Fokker, Saab, Cessna,  Dassault Aviation, Gulfstream, Beechcraft жана башкалар сыяктуу эң алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн эң ишеничтүү гана учактарын сунуш кылат.

Экипаж жөнүндө болсо, анда жеке авиацияга, жарандык авиациядан чоң тажрыйбасы бар, жогорку квалификациялуу пилоттор гана кабыл алынат. Алар эл аралык аттестацияны алышат жана учууга эң жогорку бааларды алганда жана ден соолугу мыкты абалда болгондо гана коё берилет. Борт коштоочулар жогорку кызматтагы аткаминерлерди тейлөөгө багытталган  атайын окууларды өтүшөт.

Жеке учактар ар бир учуунун алдында милдеттүү техникалык текшерүүдөн өтөт жана ал эң жакшы абалда  болгондо каттамга коё берилет. Каалаган бүтүмдүн юридикалык тазалыгы боюнча айтсак, анда ал биздин адистер менен кылдат текшерилет. Өзүбүздүн кардарларга биз  толук жашырындуулукка, жүз пайыздуу коопсуздукка жана ар бир кырдаалга жараша кылдат мамилеге кепилдик беребиз. Каалоо боюнча биз жеке күзөт менен камсыз кылабыз.

Корсикадагы бизнес-авиация сизге  маанилүү милдеттерди тез жана ийгиликтүү чечүүгө жардам берет. Жеке учуу эркиндик жана жайлуулуктун  айтып жеткиргис сезими менен ыракаттанууга мүмкүндүк берет.